Макрон Израилге чакырык салды

Макрон кечээ Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1452784
Макрон Израилге чакырык салды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Палестинанын жери Батыш Шерианы аннексиялоо планынан баш тартышы керектигин айтты.

Елисей сарайынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Макрон кечээ Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Макрон Нетаньяхудан Палестина жерлерин аннексиялоо планынан баш тартууну талап кылды.

Мындай кадамдар эл аралык укукка каршы келет деп айткан Макрон, Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну басаңдатууга болгон чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар