Европа Биримдигинин калкынын саны 447,7 миллион болду

Евростат 2020-жылдын 1-январындагы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

1452851
Европа Биримдигинин калкынын саны 447,7 миллион болду

Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин калкынын жалпы саны 2020-жылдан тарта 447,7 миллион адамды түздү.

Европанын статистикалык бюросу (Евростат) Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн 2020-жылдын 1-январындагы калкынын санын жарыялады.

Буга караганда, 2019-жылдын башында 513,5 миллион болгон Европа Биримдигине мүчө 28 мамлекеттин калкынын саны, Британиянын 2020-жылы чыгып кетиши менен кыскарды.

ЕБге мүчө 27 мамлекеттин калкынын жалпы саны 2020-жылы 447,7 миллионго кыскарды.

Европа Биримдигинде калкынын санынын көптүгү жагынан Германия 83,2 миллион адам менен биринчи орунда турат. Андан кийин Франция (67,1 миллион), Италия (60,2 миллион), Испания (47,3 миллион) жана Польша (38 миллион адам) турат.

2019-жылы Түркиянын калкынын жалпы саны 83 миллион 154 миң 997 адамды түздү.



Тектеш кабарлар