АКШ Японияга 105 даана Ф - 35 учагын сатууну бекитти

Сатуу пакетинде 63 конвенциялык учуп жана коно алган Ф  - 35 А, 42 кыска аралыкка учуу жана тик коно алган Ф  - 35Б моделиндеги учактар бар.

1452556
АКШ Японияга 105 даана Ф  - 35  учагын сатууну бекитти

АКШнын тышкы иштер министрлиги Японияга 23 ,11 миллиард долларлык 105 даана Ф  - 35  моделиндеги аскердик учак сатууну бекитти.

Сатуу пакетинде 63 конвенциялык учуп жана коно алган Ф  - 35 А, 42 кыска аралыкка учуу жана тик коно алган Ф  - 35Б моделиндеги учактар бар.

АКШнын коргоо коопсуздугунун кызматташуу агенттигинен берилген маалыматта сатуу пакетинде 63 конвенциялык учуп жана коно алган Ф  - 35А, 42 кыска аралыкка учуу жана тик коно алган Ф  - 35 Б моделиндеги аскердик учак менен 5 даана кошумча Ф  - 35 моторунун бар экени билдирилди.

Бул сатуу ишке ашырыла турган болсо Сауд Аравияга 2010 – жылы жасалган 29 миллиард долларлык аскердик сатуудан кийин АКШ тарыхындагы эң чоң сатуу болору белгиленди. Сатуунун ишке ашышы үчүн Конгрес 30 күндүн ичинде нааразычылык билдирбеши керек.

Бир тараптан агенттик Тайванга Патриот абадан коргонуу системаларын оңдоо жана жаңыланышы үчүн 620 миллион долларлык сатууну бекиткенин билдирди.

Муну менен бирге Германияга 130 миллион долларлык 64 даана МК  - 54 моделиндеги жеңил торпеда жана 10 даана МК  - 54 моделиндеги торпедалык цикл топтомдорун сатуусуна, Бельгияга 33  миллион долларлык 29 даана МК -54 жеңил торпеда сатууну бекиткени билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар