Коронавирус: Батыш өлкөлөрү

Пандемия дүйнөнү тооруп алды.

1451963
Коронавирус: Батыш өлкөлөрү
super covid-19 kolombiya
super koronavirus.jpg
super covid19
super covid19 hijyen.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 552 миң 394төн, илдетти жуктуруп алгандардын саны 12 миллион 180 миңден ашты. Ал эми 7 миллион 81 миңден ашуун киши айыкты.

134 миңден ашык адамдын өмүрүн алган пандемиянын чордону АКШда бул процесстин экономикалык кесепеттеринен улам күн сайын 40 миллион долларлык чыгымга учурап жаткан, өлкөнүн эң ири авиакомпанияларынын бири United Airlines 1-октябрдан тарта 36 миң кызматкерин мажбурлап өргүүгө кетире тургандыгын жарыялады. United Airlines компаниясынын өз кызматкерлери менен бөлүшкөн маалыматта, коммерциялык авиациянын тарыхы эң оор каржы кризисин баштан кечирип жатканы баса белгиленди.

Пандемиядан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда каза тапкандардын саны 67 миңге, бейтаптардын саны болсо 1 миллион 683 миңге жетти. Президент Жаир Болсонаро жергиликтүү тургундарга Ковид-19 жардамын көздөгөн мыйзамдын тиешелүү беренелерин четке какты.

Мексикада каза болгондордун саны 32 миң 796га, жуктургандардын саны 275 миң 3кө жогорулады.

Аргентинада 1 миң 694 адам көз жумуп, бейтаптардын саны 87 миң 30га жетти.

Перуда каза болгондордун саны 11 миң 133, вируска чалдыккандардын саны 312 миң 911 болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда, акыркы 24 саатта 126 адам көз жумуп, каза болгондордун саны 44 миң 517 адамга жетти. Оорулардын саны 630га көбөйгөн өлкөдө, жуктуруп алгандардын саны 286 миң 979 болду.

Францияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 32 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 965ке, инфекцияга чалдыккандардын саны 663 адамга көбөйүп, 204 миң 625 болду.



Тектеш кабарлар