АКШ Кытайга санкция киргизерин ишара кылды

Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен билдирди.

1451710
АКШ Кытайга санкция киргизерин ишара кылды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Гонконгдун Атайын Административдик аймагында Улуттук коопсуздук мыйзамын кабыл алган Кытайга санкциялар киргизилиши мүмкүн деп ишара кылды.

Бул тууралуу Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен NBC телеканалына билдирди.

«Ата аталган коопсуздук мыйзамы менен Кытай Гонконгду өзүнө алат окшойт», деди ал.

О'Брайэн Гонконгдун статусундагы өзгөрүүлөрдү байкай тургандарын баса белгилеп: «Эгерде биздин Мамлекеттик департамент Гонконгдун автономдуу бойдон кала тургандыгын аныктай албаса, биз Гонконг жана Кытайга санкция киргизебиз», деп эскертти.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кайли МакЕнани болсо өткөргөн маалымат жыйынында: «Жакында Кытай үчүн жаңы кадамдарды угасыздар»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар