СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1451525
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 547 миң 610дон, илдетти жуктуруп алгандардын саны 11 миллион 996 миңден ашты. Ал эми 6 миллион 944 миңден ашуун киши айыгып кетти.

Бразилияда 66 миң 868 адамдын өлүмүнө, 1 миллион 674 миң 655 адамдын инфекцияга кабылышына себеп болгон Ковид-19, президент Жаир Болсонародо дагы аныкталды. "Вирусту жуктурбоо үчүн зарыл чараларды көрүп жаткандыгын жана абалынын жакшы" экендигин айткан Болсонаро, Ковид-19га маани бербей пандемияга каршы керектүү чараларды көрбөгөндүгү менен нааразылык жараткан эле.

Мексикада акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан каза болгондордун саны 895ке көбөйүп жалпы 32 миң 14кө, жуктургандардын саны 6 миң 258 жаңы учур менен бирге 268 миң 8ге жогорулады.

Аргентинада акыркы 24 саатта Ковид-19дун кесепетинен 62 адам көз жумду. Ошентип өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 1 644кө жетти. Вируска кабылгандардын саны 2 миң 979га көбөйүп жалпы 83 миң 426 деп катталды.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда, акыркы 24 саатта 155 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 44 миң 391ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 581ге көбөйүп 286 миң 349 болду.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза болгондордун саны 134 миң 18ди, илдетти жуктургандардын саны 3 млн 98 миңди түздү. АКШнын президенти Дональд Трамп штат губернаторлоруна Ковид-19 пандемиясына байланыштуу күзүндө жабылган мектептерди ачууга кысым жасай тургандыгын жарыялады.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун кесепетинен дагы 30 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 34 миң 899га жетти. Ал эми бейтаптардын саны 467ге азайып 14 миң 242ге кыскарды. Өлкөдө 138 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен бир суткада 13 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын саны 29 миң 933кө жетти. Инфекцияга чалдыккандардын саны 475ке көбөйүп 203 миң 962 болду.

Сербияда акыркы 24 саатта дагы 13 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 330га жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 16  миң 719га жеткен өлкөдө, президент Александр Вучич дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизиле турганын жарыялагандан кийин, көчөлөргө чыккан Белграддын тургундары Сербиянын парламентинин алдына чогулушту. Парламентке кирүүнү каалаган эл полициянын кийлигишүүсүнө туш болуп, бир канча киши болсо айрым көчөлөрдө унаалардын тыгынын жаратты.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19 кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Испания 28 миң 392, Бельгия 9 миң 776, Германия 9 миң 103, Канада 8 миң 711, Чили 6 миң 434, Голландия 6 миң 132, Швеция 5 миң 447 жана Колумбия 4 миң 359.



Тектеш кабарлар