Россия менен Кытайдан Сирия ветосу

"Сирияга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жеткирилиши" жөнүндөгү мыйзам долбооруна вето коюшту.

1450932
Россия менен Кытайдан Сирия ветосу

Россия менен Кытай, Сириядагы 3 миллионго жакын адамга эл аралык жардам жөнөтүүгө мүмкүндүк берген механизмдин жаңылануусуна вето коюшту.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, 2014-жылдан бери Сирияга эл аралык жардамдын жөнөтүлүшүн камсыздаган жана 10-июлда кызмат мөөнөтү бүтө турган механизмди жаңылоого добуш берди.

Германия жана Бельгия тарабынан кеңешке сунушталган мыйзам долбооруна  Россия менен Кытай вето коюшту.

Сирияга учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомуна ылайык, Түркия аркылуу эки чек ара бекетинен гана жардамдар өтүп жатат.

Россия менен Кытайдын ветосунан кийин эки чек ара бекети дагы  10-июлда механизмдин иштөө мөөнөтү аяктагандыктан жардам конвойлору үчүн жабык болот.

БУУнун маалыматы боюнча, Сириянын түндүк батышындагы Идлибде жашаган 3 миллион калктын 70 пайызы гуманитардык жардамга муктаж.



Тектеш кабарлар