Конгодо Эболанын 11-толкуну башталды

Эбола эпидемиясынын кесепетин жоюу тобунун билдирүүсүндө,каза болгондордун жалпы саны 18ге жетти.

1451473
Конгодо Эболанын 11-толкуну башталды

 

Конго Демократиялык Республикасында (КДР) кайрадан пайда болгон Эболанын 11-толкунунун кесепетинен каза болгондордун саны 18ге жетти.

Эбола эпидемиясынын кесепетин жоюу тобунун билдирүүсүндө, Equateur штатында пайда болгон 11-толкун Эбола оорусунун дагы 6 адамга жугушу менен жалпы илдетке чалдыккандардын саны 43 адамга көбөйүп, дагы 3 адам көз жумганданн кийин каза болгондордун жалпы саны 18ге жетти.

КДКнын чыгыш тарабында 2018-жылы пайда болгон эбола оорусунун 10-толкуну 25-июнда аяктагандыгы жарыяланды.

Өлкөнүн Түндүк Киву, Итури жана Түштүк Киву провинцияларында болгон эпидемиянын 10-толкунунда 3 миң 470 жуккан учур катталып, 2 миң 277 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар