АКШ ДСУдан расмий түрдө чыгууда

Трамп 14-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна каржылык жардамды токтотконун жарыялаган болчу.

1450927
АКШ ДСУдан расмий түрдө чыгууда

АКШда Дональд Трамп жетекчилиги, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан расмий түрдө чыккандыгын Конгресске билдирди.

Нью-Жерси штатынын сенатору жана Сенаттын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Боб Менендес Твиттердеги билдирүүсүндө, коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын дагы деле уланып жаткандыгын белгилеп: «Пандемиянын ортосунда Конгресс, президент Трамптан АКШнын расмий түрдө Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан чыккандыгы тууралуу кабар алды»,-деди.

Менендес, Трамп жетекчилигинин бул кадамы Американы "оорулуу жана жалгыз" калтыраарын айтты.

Экинчи жагынан, Американын басма сөзүнө маалымат берген жана ысымы жарыяланбаган Ак үйдүн бир кызматкери да расмий чыгуунун дүйшөмбүдөн баштап күчүнө кирерин жана расмий билдирүүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерришке жөнөтүлгөндүгүн кабарлады.

Трамп 14-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Ковид-19 пандемиясына каршы күрөшө албагандыгы жана Кытайга жакын тургандыгы үчүн уюмга каржылык жардамды токтотконун жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар