СOVID-19: Чыгыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнөнүн шайын оодарган коронавирус

1450726
СOVID-19: Чыгыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 541 миң 521ден, илдетти жуктуруп алгандардын саны 11 миллион 772 миң 300дөн ашты. Ал эми 6 миллион 767 миң 333төн ашуун киши айыгып чыкты.

Индияда акыркы 24 саатта дагы 467 кишинин өлүмү менен Ковид-19дан каза болгондордун саны 20 миң 198 адамды түздү. Вируска чалдыккандардын саны болсо 22 миң 252ге көбөйүп 723 миң 185 болду.

Россияда акыркы суткада каза тапкандардын саны 198 адамга көбөйүп жалпы 10 миң 494кө жетти. Өлкөдө дагы 6 миң 368 кишиде Ковид-19 табылып жуктургандардын саны 694 миң 230га жогорулады.

Иранда акыркы 24 саатта Ковид-19 пандемиясынын кесепетинен 200 адам каза болду. Ошентип, өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 11 миң 731ге, жуктургандардын саны 243 миң 51ге жетти.

Сауд Аравияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 52 кишиге көбөйүп 1 миң 968 миңге жетти. 4 миң 207 жаңы учур аныкталган өлкөдө, илдетке чалдыккандардын саны 213 миң 716 болду.

Экинчи толкундун таасири астында калган Израилде вирустун айынан 338 адам көз жумуп, ооруну жуктуруп алгандардын саны 31 миң 186га жогорулады. Өлкөдө спорт залдарын, түнкү клубдарды, бассейндерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайларды жабуу чечими кабыл алынды. Экинчи жагынан, борбор шаар Тель-Авивде чогулган жүздөгөн израилдиктер "Ковид-19" менен күрөшүүдө өкмөткө жаңы санкцияларды киргизүү укугун берген мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

Египетте коронавирустун жаңы түрүнөн каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 79 адамга көбөйүп жалпы 3 миң 220га жетти. Өлкөдө дагы 969 адам инфекцияга кабылып ооруга чалдыккандардын саны 76 миң 222 болду.

Кытайдагы Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүндө акыркы 24 сааттын ичинде жаңы жабыркагандар катталбаганы жана 8 жаңы учур аныкталганы белгиленди. Пандемиянын башталышынан бери өлкөдө 4 миң 634 адам каза болуп, 83 миң 565 учур катталды жана 78 миң 528 адам айыкты.

Түштүк Кореянын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун билдирүүсүндө, бири киши көз жумуп 44 кишинин вирусту жуктуруп алгандыгы, алардын 24ү чет өлкөдөн келгендиги айтылды. Ковид-19 кесепетинен каза болгондордун саны өлкөдө 285ке, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 11 миң 914кө жетти.



Тектеш кабарлар