Ооганстандагы бомбалуу кол салуулар 10 полиция кызматкеринин өмүрүн алды

Ооганстандын Нангархар жана Забул провинцияларында бомбалуу кол салуулар болду.

1450780
Ооганстандагы бомбалуу кол салуулар 10 полиция кызматкеринин өмүрүн алды

Ооганстандын Нангархар жана Забул провинцияларында бомбалуу кол салуулардан он полиция кызматкери набыт болду.

Нангархар губернаторлугунун басма сөз катчысы Атаулла Хогяни, кол салуу Кузкунар районунун борборунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалганын айтты.

Хогяни кол салуудан 4 полициячы каза болуп, 11 киши жаракат алганын билдирди.

Забул провинциясынын губернатору Эмир Жан Алкозай белгилегендей, бул аймакта болгон эки бомбалуу кол салуудан 6 полиция курман болуп, 2 полиция жаракат алган.

Азырынча кол салууларды эч ким мойнуна ала элек.

 



Тектеш кабарлар