Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирустун жайылуусу уланып жатат.

1450499
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 541 миң 80ден, илдетти жуктуруп алгандардын саны 11 миллион 756 миңден ашты. Ал эми 6 миллион 753 миңден ашуун киши айыгып кетти.

Индияда акыркы 24 саатта дагы 467 кишинин өлүмү менен Ковид-19дан каза болгондордун саны 20 миң 160 адамды түздү. Вируска чалдыккандардын саны болсо 22 миң 252ге көбөйүп 719 миң 665 болду.

Россияда акыркы бир сутканын ичинде каза тапкандардын саны 198 адамга көбөйүп жалпы 10 миң 494кө жетти. Өлкөдө дагы 6 миң 368 кишиде Ковид-19 табылып жуктургандардын саны 694 миң 230га жогорулады.

Сауд Аравияда коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 52 кишиге көбөйүп 1 миң 968 миңге жетти. 4 миң 207 жаңы учур аныкталган өлкөдө, илдетке чалдыккандардын саны 213 миң 716 болду.

Экинчи толкундун таасири астында калган Израилде вирустун айынан 338 адам көз жумуп, ооруну жуктуруп алгандардын саны 31 миң 186га жогорулады. Өлкөдө спорт залдарын, түнкү клубдарды, бассейндерди жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү жайларды жабуу чечими кабыл алынды. Экинчи жагынан, борбор шаар Тель-Авивде чогулган жүздөгөн израилдиктер "Ковид-19" менен күрөшүүдө өкмөткө жаңы санкцияларды киргизүү укугун берген мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

Египетте коронавирустун жаңы түрүнөн каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 79 адамга көбөйүп жалпы 3 миң 220га жетти. Өлкөдө дагы 969 адам инфекцияга кабылып ооруга чалдыккандардын саны 76 миң 222 болду.



Тектеш кабарлар