Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны  539 миң адамга жетти.

1450151
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
Süper Korona
Covid Süper.jpg
süper Covid-19

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны  539 миң адамга жетти, ооруга чалдыккандардын саны 11 миллион 671 миңге жетти. Айыккан адамдардын саны 6 миллион 603 болду.

132,000ден ашык адам каза болгон, 3 миллион 32 жуктурган учур катталган пандемиянын чордону АКШда (АКШ) сактануу үчүн улуттук беткап тагуу чечими кабыл алынбай тургандыгы жана бул чечимди штаттар өздөрү кабыл алат деп кабарланды. Ак үйдүн билдирүүсүндө Ковид-19 инфекциясы жуккан адамдардын 99 пайызы үчүн зыяндуу эмес жана өлкөдө өлүмдүн деңгээли төмөн экендиги айтылды. Президент Дональд Трамп, Твиттерде « соңку жаңылык»: АКШда Кытай вирусунун жайылуусунун өлүмү дүйнөдөгү рейтингдеги эң төмөнкү деңгээлге түштү» деп бөлүштү. Трамп: «Мектептер күзүндө ачылышы керек»,-деди.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо, президент Трампты оорунун жайылгандыгы үчүн айыптады жана «ал коронавирусту четке кагууну каалайт жана аны биринчи күндөн баштап жасады. Ал сасык тумоо сыяктуу деди»,- деп айтты. Куомо Трампты беткап такпай жана кырдаалдын олуттуу экендигин четке кагып эпидемиянын жайылуусуна себеп болгон деп айыптады.

Эпидемиянын Европадагы чордону Англияда, вирустун айынан акыркы 24 саатта 16 адам каза болуп, жалпы 44 миң 236 адам өмүрүнөн ажырады. 352 адамга вирус жуккан өлкөдө, жалпы жуктуруп алгандардын саны 285 миң 768 болгон.

Италияда акыркы 24 саат ичинде коронавирустун жаңы түрүнөн  8 адам көз жумуп, жалпы 34 миң 869 адам өмүрүн жоготкон. Өлкөдө 208 жаңы жуктурган учур катталса, бейтаптардын саны 14709га чейин кыскарган.

Францияда акыркы 3 күндүн ичинде эпидемиянын кесепетинен 27 адам көз жумуп, 29 миң 920 адам каза болду, ал эми акыркы 24 саат ичинде инфекцияга чалдыккандар 176 адамга көбөйүп, 203 миң 487 адамга жетти.

Испанияда эпидемиянын кесепетинен 28 388 адамдан айрылуу катталды, ал эми акыркы 24 саат ичинде жуктуруп алгандар 178 адамга көбөйүп, 251 миң 789 болду. Жалпы өлкөнүн 47 жеринде Ковид-19да экинчи толкун аныкталды деп жарыяланды.



Тектеш кабарлар