Аббас - Меркель сүйлөшүүсү
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Израиль менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.
1449788
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас өлкөсүнүн эл аралык мыйзамдуулук негизи боюнча жана эл аралык төрттүк комиссиянын байкоосу астында Израиль менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты.
Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын билдиргенине караганда Махмуд Аббас Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефондо сүйлөштү. Аббас өзгөчө Израилдин аннексия пландары, акыркы саясий абалдар тууралуу Меркелге маалымат берди.
Палестинанын Израиль менен сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген Аббас мунун эл аралык мыйзамдуулуктун негизинде жана эл аралык төрттүк комиссиясынын байкоосу астында болушу керектигин айтты.