Японияда сел жүрдү
Япониянын Кумамото аймагында катуу жамгыр жаашы жана суу ташкынында 2 киши каза болду.
Япониянын Кумамото аймагында катуу жамгыр жаашы жана суу ташкынында 2 киши каза болду.
Улуттук басма сөздө чыккан кабарларга караганда катуу жамгырдан кийин Кумамотодогу Кума дарыясында суу ташкыны болду.
Суу ташкынынан кийин болгон жер көчкүдө бир күпөрө менен дарактар кулады.
Селде 2 киши каза болуп, 8 кишиден азырынча кабар жок экени билдирилди.
Япония метеорология агенттиги Кумамотону шамал, чагылган, дарыя ташкынындарынын болору боюнча эскертти.
Кумамото жана Кагошимада жашаган 203 000 киши үчүн эвакуация борборуна баш калкалоо үчүн чакыруу салынды. Шинкансен ылдам поездинин аймактагы каттамдары токтотулду.
Апаат кабинети менен жыйын өткөргөн премьер - министр Шинзо Абе Кумамото аймагынын жардам талабынын негизинде Япониянын Куралдуу Коопсуздук Күчтөрүнүн 10 000 кызматкери менен Апаат башкармалыгынын төрагасы Такеда Риотанын аймакка жиберилерин белгиледи.
Өрт жана апаатты башкаруу агенттигинен 450 куткаруу кызматкери менен 120 полициянын да апаат аймагына жиберилери билдирилди.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.