Коронавирус дүйнөгө дагы деле коркунуч жаратууда

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

1448251
Коронавирус дүйнөгө дагы деле коркунуч жаратууда
super covid19
super covid19 2.jpg
super covid19 hijyen.jpg
super covid19 hijyen3.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 524 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон миңден ашты. Ал эми 6 миллион 164 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

131 миң адам каза болгон АКШда 2 миллион 837 миң адамда Ковид-19 табылды.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 89 адам көз жумду. Ушундайча өлкөдө каза тапкандардын саны 43 миң 995ке жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 576 адамга көбөйүп жалпы 283 миң 757 болду.

Илдеттен эң көп таасирленген экинчи өлкө Бразилияда вирустан акыркы 24 саатта 1 миң 252 киши каза болуп жалпы 61 миң 884кө, ооруну жуктургандардын саны 48 миң 105ке көбөйүп 1 миллион 496 миң 858 болду.

Мексикада болсо бир күндө 679 адам каза болуп жалпы 28 миң 189га, вирусту жуктургандардын саны 6 миң 741ге көбөйүп 238 миң 511ге жетти.

Перуда Ковид-19дун кесепетинен каза тапкандардын саны 10 миң 45ке жогорулап, ооруга чалдыккандардын саны 3 527ден 292 миң 4кө көбөйдү.

Италияда илдеттен бир күндө 30 адам көз жумуп жалпы 34 миң 818ге жетти. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 195ге азайып,15 миң 60га кыскарды. Акыркы 24 саатта 201 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен бир суткада 14 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 875ке жогорулады. Өлкөдө 569 жаңы учур катталып вирусту жуктургандардын саны 202 миң 875ке жогорулады.

Швейцарияда вирустун айынан каза болгондордун саны 1 миң 965ке жетип, 31 миң 967 Ковид-19 учурлары аныкталды.



Тектеш кабарлар