Катар эмири Президент Эрдогандын сапары тууралуу билдирди

Катар расмий маалымат агенттиги Эрдогандын сапарында Палестина, Ливия, Сирия жана Йемендеги маанилүү абалдарды карап чыкканын маалымдады.

1448204
Катар эмири Президент Эрдогандын сапары тууралуу билдирди

Катар эмири Шейх Темим бин Хамад Ал Сани араптар жана Түркиянын ортосундагы орток маданий мурастын аймактын ырааттуулугу жана өнүгүшү үчүн кызматташууну түзгөнүн белгиледи.

Ал Сани президент Р. Т. Эрдогандын Катардын борбор шаары Доха сапарынан кийин твиттер эсебинен маалымат берди.

Эрдогандын сапарынан улам Катар жана түрк калктарынын ортосундагы карым  - катнаштардын тереңдигине көңүлдөрдү бурган Ал Сани : «Араптар менен Түркиянын ортосундагы орток маданий мурас менен географиялык жакындык аймактын ырааттуулугу жана өнүгүшү үчүн кызматташууну түзүп жатат; адамзаттын алдыга жылышына да кемчиликсиз салым кошууда»,- деди.

Катар расмий маалымат агенттиги Эрдогандын сапарына байланыштуу кабарында эки лидердин Палестина, Ливия, Сирия жана Йемендеги маанилүү абалдарды карап чыкканын, эки өлкө үчүн мааниге ээ эл аралык темаларда пикир алышууларда болушкандары маалымдады.

Лидерлердин эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын бардык тармакта дагы алдыңкы деңгээлге жетиши баса белгиленип, өзгөчө экономика, соода, инвестиция, энергетика, коргонуу тармактарында кызыкчылыктарын өнүктүрүү темаларынын каралганы белгиленди.



Тектеш кабарлар