Индия куралдануу үчүн кадам таштады

Баасы 5,2 миллиард долларга жеткен аскердик каражаттардын 4, 1 миллиард долларлык бөлүгү жергиликтүү фирмалардан алынат.

1448192
Индия куралдануу үчүн  кадам таштады

Индиядан  5, 2 миллиард долларлык куралдануу кадамы...

Индиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта куралдуу күчтөрдүн жана чек аралардын күчтөндүрүлүшүнүн негизинде 21 даана Миг  - 29дун Россиядан, 12 даана Sukhoi Su-30 MKIлерди Hindustan Aeronautics Limitedден алынышынын кабыл алынганы билдирилди.

Баасы 5,2 миллиард долларга жеткен аскердик каражаттардын 4, 1 миллиард долларлык бөлүгү жергиликтүү фирмалардан алынат.

Бир тараптан Индия 36 даана Рафале моделиндеги аскердик учак үчүн 2016 -  жылы Франция менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул учактардын алтоосун бул айдын акырында өткөрүп алууну күтүүдө.

Индиянын бул кадамы  Кытай менен Галван өрөөнүндө болгон  кагылышуудан кийин келди.

Индия Кытай менен болгон араздашуу күч алган Чыгыш Ладакха кургактыктан абага атуучу ракеталык коргонуу системсы менен пушка жана танктарды жайгаштырган.



Тектеш кабарлар