Европанын абалы оор

Меркель: «Биз Европанын өз тарыхындагы эң оор абалда экендигин билебиз».

1448016
Европанын абалы оор

Германиянын канцлери Меркель, Европанын коронавирустун себебинен тарыхтагы эң оор абалда экендигин билдирди.

Ангела Меркель видеоконференция аркылуу Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен менен сүйлөшкөндөн кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, коронавирустун жаңы түрү дагы эле жоголо электигин, бирок бул вирус менен жакшы жашоого үйрөнгөнүн айтты.

«Биз Европанын өз тарыхындагы эң оор абалда экендигин билебиз»- деген Меркель, муну экономикалык көрсөткүчтөрдөн көрүп жаткандарын белгиледи.

Меркель Германиянын Европа Биримдиги Кеңешинин кезектеги төрагалыгында Ковид-19 кризисин жеңүүнүн күн тартибине коюлганын айтты.

Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Лейен да Германиянын Европа Биримдиги Кеңешинин кезектеги төрагалыгын өтө маанилүү мезгилде өткөрүп алганын белгиледи.

Ковид-19дун экономикалык натыйжаларына каршы күрөшүү үчүн даярдалган калыбына келтирүү пакети менен келечектеги бюджеттин, Европа Парламентинде (AP) жана мүчө мамлекеттердин улуттук ассамблеяларында да бекитилиши керектигин айткан Вон дер Лейен: «Убакытка каршы жарыш бар. Күн сайын адамдар жумушунан ажырап жатышат, компаниялар азайып, экономикабыз алсырап баратат»,-деди.

Германия 1-июлда Европа Биримдиги Кеңешинин кезектеги төрагалыгын Хорватиядан өткөрүп алган болчу.



Тектеш кабарлар