Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1448004
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 522 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 11 миллиондон миңден ашты. Ал эми 6 миллион 114 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19 улам акыркы 24 саатта 89 адам көз жумду. Ушундайча өлкөдө каза тапкандардын саны 43 миң 995ке жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 576 адамга көбөйүп жалпы 283 миң 757 болду.

Италияда илдеттен бир күндө 30 адам көз жумуп жалпы 34 миң 818ге жетти. Өлкөдөгү бейтаптардын саны болсо 195ге азайып,15 миң 60га кыскарды. Акыркы 24 саатта 201 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен бир суткада 14 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 875ке жогорулады. Өлкөдө 569 жаңы учур катталып вирусту жуктургандардын саны 202 миң 875ке жогорулады.

Швейцарияда вирустун айынан каза болгондордун саны 1 миң 965ке жетип, 31 миң 967 Ковид-19 учурлары аныкталды.



Тектеш кабарлар