Сирияда акыркы алты айда 1000ден ашун жаран өлтүрүлдү

Сирияда бул жылдын биринчи жарымында  өлтүрүлгөндөрдүн үчөөсүнүн медиа кызматкери, 12синин медицина кызматкери жана Жарандык коргоо ыктыярдуусу  экени белгиленди.

1447278
Сирияда акыркы алты айда 1000ден ашун жаран өлтүрүлдү

Сирияда акыркы алты айда 1000ден ашуун жаран өлтүрүлдү.

Жарандарга карата эреже бузууларды тактаган Сирия Адам Укуктары Желеси жарандык жоготууларга байланыштуу жарыялаган отчетунда бул жылдын биринчи алты айында  Башар Асад режими жана Россиянын кол салууларында 1006 жарандын өлтүрүлгөнүн, алардын ичинен 218нин балдар, 113нүн аялдар экени билдирилди.

Отчетко караганда Асад режиминин армиясы жана Иран колдогон чет элдик террористтерден турган режим күчтөрү жалпы 298 кишини өлтүргөн. Алардын ичинен 64 балдар жана 24тү аялдар.

Орус күчтөрүнүн кол салуусунда 205 жаран каза болуп, алардын ичинен 62си балдар жана 48зи аялдар болгон. Террордук уюм ЙПГ/ПКК 34 жаранды өлтүргөн алардын ичинен 8зи балдар, бирөөсү аял.

Террордук уюм ДЕАШ жасаган кол салууларда 7 киши каза болуп ичинен бирөөсү бала болсо, аскердик оппозиция жана режимге каршы куралдуу топтор 26 жарандын өлүмүнө себеп болгон. Алардан экөөсү бала жана экөөсү аял.

Бир тараптан ушул эле убакыттын ичинде 436 жаран да өлтүрүлдү. Алардын ичинен 81ри балдар жана 38зи аялдар.

Сирияда бул жылдын биринчи жарымында  өлтүрүлгөндөрдүн үчөөсүнүн медиа кызматкери, 12синин медицина кызматкери жана Жарандык коргоо ыктыярдуусу  экени белгиленди.

Бул убакыттын ичинде 71 киши кыйноо көрүү менен өлтүрүлгөн. Алардын ичинен 63 киши режим тарабынан кыйноо  менен өлтүрүлгөн.

 



Тектеш кабарлар