Бириккен Улуттар Уюму адамзаттык ок атышпоо чечимин кабыл алды

Ок атышпоо БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген ДЕАШ, Аль Каида, Ел Нусра жана бул террордук уюмдар менен байланыштуу киши жана топторду камтыбайт.

1447283
Бириккен Улуттар Уюму адамзаттык ок атышпоо чечимин кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жаңы тип коронавирус эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде 90 күн глобалдык адамзаттык ок атышпоо чечимин кабыл алды.

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин 23 -  марттагы глобалдык ок атышпоого чакыруусу жана 3 айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Франция жана Кеңештин убактылуу мүчөлөрүнөн Тунис  тарабынан даярдалган «Ковид – 19» чечим долбоору добуш берүүгө коюлду.

Пандемиядан улам БУУнун Коопсуздук Кеңешинде добуш бериле албагандыктан мүчө өлкөлөргө чечимин билдирүүлөрү үчүн 24 саат убакыт берилди жана чечим 15 мүчөлүү кеңеште добуш бирдиги менен кабыл алынды.

Ковид  - 19 эпидемиянын өзгөчө кагылышуу жана согуштук аймактардагы таасиринен терең тынчсыздануу болгон чечимде БУУнун Коопсуздук Кеңеши гуманитардык жардамдардын ишенимдүү, эч бир тоскоолдукка учурабастан улантылышы үчүн дароо 90 күн глобалдык адамзаттык ок атышпоо талап кылды.

Ок атышпоо БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген ДЕАШ, Аль Каида, Ел Нусра жана бул террордук уюмдар менен байланыштуу киши жана топторду камтыбайт.



Тектеш кабарлар