Германия Европа Биримдиги Кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алды

Европа Биримдиги Кеңешинин  кезектешкен башкаруучулугун Германиядан кийин  2021 -  жылы 1 -  январдан тарта Португалия аткарат.

1446817
Германия Европа Биримдиги Кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун өткөрүп алды

Германия алты ай аткара турган Европа Биримдиги Кеңешинин кезектешкен башкаруучулугун Хорватиядан өткөрүп алды.

Германиянын «Бирдикте Европаны кайрадан күчтөндүрүү» деген ураан менен 31 -  декабрга чейин аткара турган кезектешкен башкаруучулугунда жаңы тип коронавирус эпидемиясынын саламаттык сактоо, экономика жана социалдык таасири менен күрөшүүгө көп көңүл бурат.  

Немис өкмөтүнүн расмий программасында Европанын Ковид  - 19 кризисинен күчтүү түрдө чыгуу үчүн болгон күчү менен иштей турганы белгиленип, Европанын келечеги тууралуу да Европа Биримдигинин 2021 – 2027 мезгилине байланыштуу бюджеттин белгилениши, климаттын  сакталышы, санариптештирүү, мыйзамдын үстөмдүгү жана Европанын дүйнөдөгү ролу менен Британиянын биримдиктен чыгышына байланыштуу сүйлөшүүлөр сыяктуу темалардын Германиянын кезектешкен башкаруучулугунда маанилүү орунду алары айтылды.

Германия башкаруучулугунда Европа Биримдиги – Африка жана Европа Биримдиги – Кытай саммиттеринин өткөрүлүшү пландалууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөсүнүн кезектешкен башкаруучулугунда күтүүлөрдүн чоң экенин билгенин айтып : «Кризистен мыкты чыгып, Европаны келечекке даярдап бул күтүүлөрдү орундатууну каалайбыз»,- деди.

Европа Биримдиги Кеңешинин  кезектешкен башкаруучулугун Германиядан кийин  2021 -  жылы 1 -  январдан тарта Португалия аткарат.



Тектеш кабарлар