Сирияда миналар жарылып 1 бала каза болду

Маре районунда малдарын оттотууга чыккан балдардын бирөөсү минага басып алган.

1446242
Сирияда миналар жарылып 1 бала каза болду

Сириянын түндүгүндөгү Маре районунда ЙПГ/ПКК террордук уюм тарабынан жерге төшөлгөн минанын жарылышы менен бир бала каза болду.

Маре районунда малдарын оттотууга чыккан балдардын бирөөсү минага басып алган.

ЙПГ/ПКК террордук уюму менен Сирия Улуттук Армиясынын фронт жолундагы Иснүббүл айылында болгон бул окуяда минага баскан бала каза болду.

Сирия Улуттук Армиясынын көзөмөлү астындагы аймактарда изилдөө – тазалоо иштери аткарылса да төшөлгөн миналар көптөгөн жарандын зыянчылык тартуусуна себеп болууда.

Баб районунда да кечээ ДЕАШ террордук уюму төшөгөн мурунку бир минанын жарылышы менен 2 бала жараланган.



Тектеш кабарлар