Меркель: «Буга чейин болуп көрбөгөн экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жатабыз»

Ангела Меркель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1446132
Меркель: «Буга чейин болуп көрбөгөн экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жатабыз»

Германиянын канцлери Ангела Меркель коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам буга чейин болуп көрбөгөн экономикалык кыйынчылыктар болуп жатканын айтты.

Ангела Меркель Берлиндин жанындагы Мерсеберг сарайында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушуп андан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Меркель: «Бир жагынан пандемиянын өзү, экинчи жагынан биз ондогон жылдардан бери балким буга чейин болуп көрбөгөн экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жатабыз. Германияда дагы, Францияда дагы, Европа Биримдигинде дагы»,- деди.

Меркель Германия менен Франция биргеликте Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө экономикалык кыйынчылыктарды жеңүү үчүн куткаруу фондун сунуштаганын эске салды.



Тектеш кабарлар