Ковид - 19 менен күрөшүп жаткан Чыгыш өлкөлөрү

Эпидемия чыккан Кытайда 24 саатта вирустан өлүм  - житим болбостон 19 бейтаптын аныкталганы билдирилди.

1446218
Ковид  - 19 менен күрөшүп жаткан Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан   каза болгондордун саны  509 113 болду. Вирус жугузгандардын саны 10 миллион 449 000ден, айыккандардын саны 5 миллион 705 000ден ашты.

Эпидемия биринчи болуп ортого чыккан Кытайда 24 саатта вирустан өлүм  - житим болбостон 19 бейтаптын аныкталышы менен жалпы бейтап саны 83 531ге чыкты. Өлкөдө ушул күнгө чейин 4 634  киши эпидемиядан каза тапты.

Ковид  - 19дан ушул кезге чейин 282 киши каза болгон Түштүк Кореяда жаңы өлүм  - житим болбостон,  43 кишинин дагы вирус жугушузу менен жалпы вирус жугузган киши саны 12 800гө жогорулады.

Россияда 24 саатта 154 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 9 320га, 6 693 кишинин вирус жугузушу менен жалпы вирус жугузгандардын саны 647 849га жогорулады.

Транспорт министри Евгений  Дитрих орустар эң көп барган өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду алган Түркия менен аба жолунун ачылышы тууралуу : «Түркиянын 15 -  июлда Россия менен аба жол транспортун кайрадан баштоого карата сунушун карап жатабыз»,- деди.

Өзбекстанда  вирустан 24 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны да 8 298ге жетти. Күнүмдүк вирус жугузган киши санында өсүүнүн болушу менен 1 -  июлдан тарта элге ачык жерлерде күндүз 3төн ашуун кишинин чогулушуна уруксат берилбестен, түнү болсо команданттык саат киргизилет. Өлкөдөгү бардык базарлар менен соода борборлору дезинфекцияланып, жуманын акырында жабык болот.

Вирустан 5 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 188ге чыккан Казакстанда  вирус көрсөткөн жана көрсөтпөгөн Ковид  - 19 бейтап саны 40 000ге жакындады. Саламаттык  сактоо министри Алексей Цой дээрлик   ар бир үй  - бүлөнүн эпидемия менен бетешкенин белгиледи. 

Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов да акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 12 159га, 706 кишинин дагы вирус жугузушу менен жалпы вирус жуккан киши саны 44 334кө жогорулаганын билдирди. Степанов бейтаптардан 3 283 кишинин балдар жана 6 721нин медицина кызматкери  экенин айтты. 

Кыргызстанда 57 киши каза болуп, бейтап саны 5 296га жеткени, Грузияда болсо  акыркы бир күндүн ичинде 2 кишинин дагы вирус жуктуршу менен бейтап саны 931ге жеткени билдирилди. Ушундайча акыркы 9 күндө күнүмдүк бейтап саны 3төн ашкан эмес. 

Индияда акыркы 24 саатта 423 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондор 16 898ге жети. Вирус жугузгандардын саны да 567 530га чыкты. Премьер  - министр Нарендра Моди коронавирустан улам өлүм  - житимдердин көзөмөлгө алынганына карабастан өлкөнүн эпидемия тууралуу азыр да орчундуу жерде экени тууралуу эскертти. Моди социалдык аралыкка көңүл бурулбаганын жана бет каптын колдонулбаганын сынга алып, жергиликтүү башкарууларды эрежелерди ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө чакырды. 

Иракта ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 1839 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 47 151ге жетти.

2872 киши каза болгон Египетте акыркы бир күндө 1566 кишиге вирус диагнозунун коюлушу менен жалпы бейтап саны 66 754 болду.

Сенегалда  вирустан 108 киши каза болгон болсо 6 698 киши вирус жугузган. Президент Маки Салл  өлкөдөгү жакшыруу канашынын 64 пайызга жакын экенин белгилеп, чукул абал жана коменданттык сааттын 1 – июль шаршемби күндөн тарта жоюларын, 15 -  июлдан баштап бүткүл дүйнө менен аба чек араларынын ачыларын жана эл аралык каттамдардын башталарын билдирди. Салл маркет жана базарлардын гигиеналык жана тазалык үчүн жуманын бир күнү жабуунун улантыларын белгиледи.

Нигерияда каза болгондор 573кө, вирус жуккандардын саны 25 133кө жогорулады. Өлкөдө бейтап санынын көбөйгөнүнө карабастан көрүлгөн чаралар жеңилдетилди.



Тектеш кабарлар