Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда

Коронавирус көрсөткүчтөрү

1446114
Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда
Corona_Pakistan.jpg
CORONAVIRUS_KUZEY_MAKEDONYA.jpg
argentina corona.jpg
super covid19 3.jpg
super covid19 4.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 508 миң 422ден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 421 миңден ашты. Ал эми 5 миллион 679 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

128 миң 783 адам каза болуп, 2 миллион 681 миң 800дөн ашуун адамда вирус табылган Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустук учурлардын айрым штаттарда рекорддук деңгээлге жеткендиги боюнча Демократтардын башчылары президент Дональд Трампты бүткүл өлкө боюнча маска тагууну мажбур кылган буйрук чыгарууга үндөшүүдө. Өлкөдө коронавирусту жуктурган балдардын арасында "көп системалуу сезгенүү синдрому" бар, бул көптөгөн органдарга таасир этиши мүмкүн. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, ушул сыяктуу белгилер март айынын башынан май айынын акырына чейин өлкөдө 8 жашка чейинки 285 баладан байкалды. Балдардын алтоосу оорудан улам көз жумду.

Пандемиядан эң көп таасирленген экинчи өлкө Бразилияда вирустан 24 саатта 692 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 58 миң 314кө, вируска чалдыккандардын саны болсо 24 миң 52ге көбөйүп 1 миллион 368 миң 195ке жогорулады.

Ал эми Мексикада бир күндө 473 киши каза болуп жалпы 27 миң 121ге, илдетти жуктургандардын саны 3 миң 805ке көбөйүп 220 миң 657ге жетти.

43 миң 550 киши көз жумган жана пандемиянын Европадагы чордону Англияда борбор шаар Лондондон болжол менен 160 чакырым түндүктө жайгашкан 400 миң калкы бар Лесстер шаарында акыркы 2 жуманын ичинде 866 учур катталды. Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок шаарда милдеттүү болбогон чекене дүкөндөр бүгүнтөн баштап, ал эми мектептер бейшемби күнү жабылат деп жарыялады.

Италияда акыркы суткада пандемиянын кесепетинен 6 адам каза болуп жалпы 34 миң 744 болду. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 185ке азайып,16 миң 496га кыскарды. Акыркы 24 саатта 174 жаңы учур катталды.

Францияда акыркы үч күндө 35 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 813кө жетти. Бир суткада 280 жаңы учур катталып жалпы жуктургандардын саны 200 миң 611 болду.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 3 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 346га жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 84кө көбөйүп жалпы 248 миң 970ке жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 4 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 568ге, илдетке чалдыккандардын саны 266 жаңы учур менен бирге 41 миң 912ге жетти.

Австралиянын Мельбурн шаарында вирусту жуктурган учурлар көбөйгөндүгү боюнча вирус күчөп жаткан 10 райондо үйдөн чыгып кетүүгө жол берилбейт. Арасында түрктөр дагы жыш жашаган 10 райондо эртең түн жарымынан тарта күчүнө кире турган жаңы эрежелер 29-июлга чейин колдонулат. Ковид-19дан 104 адам өлгөн өлкөдө 7,767 адам ооруну жуктурду.



Тектеш кабарлар