Индия Кытай чек арасына пушка жана танктарды жайгаштырды
Индия Кытай менен болгон чек ара кагылышуусунан кийин араздашуу күч алган Ладакхада пушка жана танктарды жайгаштырды.
Индия Кытай менен болгон чек ара кагылышуусунан кийин араздашуу күч алган Ладакхада пушка жана танктарды жайгаштырды.
Hindustan Timesтын кабарына караганда Индиянын 1597 километр узундукта эки өлкөнүн ортосундагы көзөмөл сызыгы боюнча жана Галван өрөөнүнө 155 миллиметр диаметриндеги ок аткан пушка менен Т - 90 моделиндеги танктарды жайгаштырганы белгиленди.
Индиянын бул кадамы аймактагы тынчтыктын орношуна карата бир демилге катары каралып, жайгаштырылган танктардын ошол эле учурда түрдүү тескери абалдарга каршы чара көрүү максатында экендиги да белгиленди.
Индиянын Кытай менен болгон чек ара кагылышуусунан кийин Гималай тоолорундагы Ладакха кургактыктан абага атуучу ракеталык коргонуу системасын жайгаштырганы да маалымдалган.
Индиянын түндүк – чыгышындагы Ладакха аймагында 15 - июнда 20 Индия аскеринин өлүмү менен бүткөн кагылышууга себеп болгон жана аймакта чыңалууну жогорулаткан процесс Кытай аскерлеринин май айынын башында үч жерден Ладакха аймагына кириши, бул жерде чатыр жана аскердик пункт курушу менен башталган.
Кытай аскерлеринин «аймактан чыгышы» тууралуу көптөгөн жолу жасалган оозеки эскертүүлөргө көңү бурбаганы айтылган. Эки өлкөнүн ортосунда башка бир маселе Сикким аймагында да Кытай менен Индия аскерлеринин ортосунда кагылышуу болгон.