Газада дары - дармек кыйынчылыгы

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Газадагы ооруканаларда дарыларда 44 пайыз, медициналык каражаттарда болсо 30 пайыздык катнашта жетишсиздик болуп жатат.

1446320
Газада дары  - дармек кыйынчылыгы

Газадагы саламаттык сактоо министрлиги Израиль блокадасы астындагы шаарда дары   жана кээ бир медициналык каражаттардын жетишсиздигинен бейтаптардын кыйын абалда экенин жарыялады.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорукана дарыканалары мекемесинин директору Ала Хиллис берген жазуу түрүндөгү маалыматында шаарда рак, эне  - бала саламаттыгы, бөйрөк, Жер Ортолук деңиз анемиясы, көз, жүрөккө байланыштуу дарылар менен  катетер сыяктуу медициналык каражаттардын жетишсиз экенин билдирди.

Дарылардын жетишсиздигинен бейтаптардын кыйналып жатканын айткан Хиллис тийиштүү мекемелерди кемчиликтерди толуктоого чакырды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Газадагы ооруканаларда дарыларда 44 пайыз, медициналык каражаттарда болсо 30 пайыздык катнашта жетишсиздик болуп жатат.

13 жылга жакын убакыттан бери келе жаткан Израиль блокадасы менен Палестинадагы бөлүнүү саламаттык сактоо тармагындагы кыйынчылыктардын негизги себептеринин арасында орун алууда.



Тектеш кабарлар