БАЭ АКШда Түркияга каршы лоббичилик кылып жатат

TRT World, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Вашингтондогу элчиси Юсуф аль-Утейбдин Ливия өкмөтүн жактаган Түркияга АКШнын кийлигишүүсүн өтүнүп электрондук почта жибергенинин таап алды.

1446203
БАЭ АКШда Түркияга каршы лоббичилик кылып жатат

Бириккен Араб Эмирликтери, Ливиядагы кырдаалды терсине буруш үчүн Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Түркияга каршы лоббичилик аракетин кылууда.

TRT World, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Вашингтондогу элчиси Юсуф аль-Утейбдин Ливия өкмөтүн жактаган Түркияга АКШнын кийлигишүүсүн өтүнүп электрондук почта жибергенинин таап алды.

Утейбдин билдирүүсүн камтыган электрондук почта билдирүүсүнүн АКШнын расмий өкүлдөрүнө БАЭ элчилигинде иштеген жана дагы деле лоббисттик компанияда иштеген Хагир Элавад тарабынан 22-июнда жиберилгендиги аныкталды.

Электрондук почта билдирүүсүндө, Утейбе жана БАЭнин расмий өкүлдөрү Ливиядагы өкмөттүк күчтөргө кийлигишүүгө АКШнын өкмөтүн жана армиясын көндүрүүгө аракет кылып жаткандыгы көрүнүп турат.

Түркия колдогон күчтөрдүн Сиртенин чет жакасына кирип барганына жана түрк флотунун кемелеринин Ливиянын жээгине барганы жөнүндө билдирүүлөрүндө Утейбе, «Биздин анализибиз боюнча, Египет кырдаалга кийлигишиши үчүн, бул атайылап жасалган, эми Египет муну олуттуу карап жатат”деген серебин салган.

Египеттин  бир нече ай бою Ливия сахнасына кирбөөсү үчүн БАЭнинр бөгөт болгонун жазган Утейбе, айрыкча калың тамгалар менен, “Эгер Түркия Ливиядагы иш-аракеттерин көзөмөлдөбөсө, кырдаал оңой эле жаманга айланып кетиши мүмкүн” деген дооматтар бар.

2014-жылдан бери БАЭ Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге аскердик колдоо көрсөтүп келет.



Тектеш кабарлар