33 жылдан кийин БУУда сомалилик дипломат жогорку кызматка дайындалды
БУУнун Башкы Кеңешинин төрагасынын 75 - орун басарлыгына 33 жылдан кийин биринчи жолу сомалилик бир дипломат шайланды.
БУУнун Башкы Кеңешинин төрагасынын 75 - орун басарлыгына 33 жылдан кийин биринчи жолу сомалилик дипломат шайланды.
Сомалинин БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Абукар Осман Бале өлкөсүнүн тарыхында бул кызматка дайындалган төртүнчү ысым болду.
Элчи Бале твиттерден берген маалыматында 178 өлкөнүн колдоосун алып БУУнун Жалпы Кеңешинин 75 - төрагалыгына шайланган Волкан Бозкыр менен иштөө үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп : «Ушул себеп менен бир тууган өлкө Түркия жана түрк калкын да куттуктагым келет»,- деди.
Элчи Баленин БУУнун Жалпы Кеңешинин төрага орун басарлыгына шайланышы Сомалинин ырааттуулугу жана өнүгүү аракеттери үчүн маанилүү бир дипломатиялык кадам катары көрүлүүдө.
Сомалилик дипломаттар мындан мурда БУУнун Жалпы Кеңешинин төрага орун басарлыгына 1963 – 1979 – 1986 - жылдары шайланган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.