СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Коронавирустун жайылуусу уланып жатат.

1445051
СOVID-19: Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 504 миң 630дан, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 259 миң 381ден ашты. Ал эми 5 миллион 563 миң 327ден ашуун киши илдеттен айыкты.

Илдетен 128 миң 437 адам көз жумган АКШда саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар акыркы күндөрү коронавирустун жаңы учурларынын саны кайрадан көбөйүп жаткандыгын айтты. АКШда инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 637ге жетти.

Түштүк Америка өлкөсү Бразилияда вирустан ушул күнгө чейин 57 миң 658 киши каза тапты.

Англияда пандемиядан көз жумгандардын саны 43 миң 550 болду. Өлкөдө 311 миң 151 кишиде вирус аныкталды.

Италияда акыркы суткада пандемиянын кесепетинен 22 адам каза болуп жалпы 34 миң 738 болду. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 155ге азайып,16 миң 818ге кыскарды. Акыркы 24 саатта 174 жаңы учур катталды.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 13 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 343 жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 118ге көбөйүп жалпы 248 миң 770ке жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 3 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 564кө, илдетке чалдыккандардын саны 457 жаңы учур менен бирге 41 миң 646га жетти.



Тектеш кабарлар