Паром кырсыгынан кеминде 28 адам көз жумду

Паромдо 100гө жакын жүргүнчү болгон.

1445316
Паром кырсыгынан кеминде 28 адам көз жумду

Бангладеште паром кырсыгынан кеминде 28 адам көз жумду.

Борбор шаар Даккага жакын жайгашкан Буриганга дарыясында болгон кырсыктан кийин издөө-куткаруу иштеринин уланып жаткандыгы кабарланды.

Өрт өчүргүчтөрдүн көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Розина Исламдын айтымында, паром башка круиздик кеме менен сүзүшкөндөн кийин чөгүп кетти.

Жергиликтүү маалымат каражаттары, кырсык болгон учурда паромдо 100гө жакын жүргүнчү болгонун жазып чыгышты. 



Тектеш кабарлар