Пакистанда куралдуу кол салуу болуп 9 киши каза тапты

Синд провинциясынын полиция башчысы Мустак Ахмед Махар имаратка кол салган төрт кишинин набыт болгонун жана полиция күчтөрүнүн имараттын ичинде жана айланасында тинтүү жүргүзгөнүн белгиледи.

1445473
Пакистанда куралдуу кол салуу болуп 9 киши каза тапты

Пакистандын Карачи шаарындагы биржага (PSX) куралдуу кол салуу болуп анда 5 адам каза таап, 4 кол салган адам жок кылынды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.40та Карачидеги PSXтин тышкы эшигине граната ыргыткандар биржанын имаратына туш келди ок атып кирип барышкан.

Алдын ала аныктоолор боюнча,  кол салууда  бири полиция, төртөө күзөтчү болуп беш киши каза тапкан. Бирөө жарандан турган үч кишини да жаралаган.

Синд провинциясынын полиция башчысы Мустак Ахмед Махар имаратка кол салган төрт кишинин набыт болгонун жана полиция күчтөрүнүн имараттын ичинде жана айланасында тинтүү жүргүзгөнүн белгиледи.

Махардын айтымында, кол салгандар полиция кызматкерлеринин берки формаларын кийип алышкан.

Карачи полициясынын билдирүүсүндө, өлтүрүлгөн кол салгандардын жанында жардыргыч зат бар деп божомолдонгон баштык бар экени айтылды.

PSX башкы менеджери Абид Али Хабиб, жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө, кол салгандар унаа токтотуучу жайга жана имараттын алдындагы биринчи кабатка ок чыгарышкандарын айтты.



Тектеш кабарлар