Пакистан Индиянын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Бул тууралуу Пакистан армиясынын басма сөз катчысы, генерал-майор Бабар Ифтихар, Твиттерден маалымат бөлүштү.

1445022
Пакистан Индиянын учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Пакистан армиясы эки өлкөнүн чек арасындагы көзөмөл линиясын (LoC) бузган Индиянын учкучсуз учуучу аппаратын (УУА) атып түшүрдү.

Пакистан армиясынын басма сөз катчысы, генерал-майор Бабар Ифтихар, Твиттерде берген маалыматында Индиянын учкучсуз учуучу аппараты  көзөмөл линиясында (LoC) Пакистан тарабын 850 бузганын маалымдаган.

Ифтихар, Индиянын учкучсуз учуучу аппаратынын  армия бөлүктөрү тарабынан атып түшүрүлгөнүн жана быйыл Пакистандын аскерлери тарабынан атып түшүрүлгөн  Индиянын 9- учкучсуз учуучу аппараты болгонун кошумчалады.



Тектеш кабарлар