Коронавирус: Чыгыш өлкөлөрүндө соңку абал

Пандемия дүйнөнү тооруп алды.

1445354
Коронавирус: Чыгыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19
Super Irak.jpg
super covid19.jpg
super covid19 hijyen2.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 504 миң 754төн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 267ден ашты. Ал эми 5 миллион 563 миң 568ден ашуун киши илдеттен айыкты.

Кытайда вирусту жуктуруп алгандардын саны 83 миң 512ге жетти. Өлкөдө ушул күнгө чейин 4 миң 634 киши көз жумду.

Түштүк Кореяда 42 жаңы учур катталды. Ушундайча вирусту жуктуруп алгандардын саны 12 миң 757ге жеткен өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин 282 киши каза болду.

Иранда вирустун айынан каза болгондордун саны 10 миң 508ге көбөйүп, 222 миң 669 адамга жукту.

Ковид-19 себебинен Индияда 16 миң 487 адам өлдү. Өлкөдө 549 ​​миң 197 адамда вирус аныкталды.

Россияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 9 миң 166, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 641 миң 156 болду.

Евразия өлкөлөрүндө каза тапкандардын жана учурлардын саны төмөнкүчө:

Украина 1 миң 147/43 миң 628, Армения 433/25 миң 127, Казакстан 183/21 миң 327, Кыргызстан 50/5 миң 17, Өзбекстан 22/8 миң 31, Грузия 15/929.

Вирустан акыркы бир күндө 4 киши көз жумган Кувейтте каза тапкандардын жалпы саны 348ге жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 551ге көбөйүп 44 миң 942 болду.

Бириккен Араб Эмирликтеринде Ковид-19дун айынан 2 киши каза болуп, 437 киши вирусту жуктуруп алды. Ушундайча каза тапкандардын жалпы саны 313кө, илдетке кабылгандардын саны 47 миң 797ге жетти.

Бахрейнде пандемиянын кесепетинен 5 киши каза болду жана 462 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза тапкандардын жалпы саны 78ге, жуктуруп алгандардын саны 25 миң 267ге жетти.

Акыркы 24 саатта бир киши Ковид-19дан көз жумган Ливанда каза тапкандардын жалпы саны 34кө, вируска чалдыккандардын саны 21 жаңы учур менен бирге 1 миң 770 болду.

82 адам көз жумган Катарда илдетти жуктургандардын саны 1 миң 750кө көбөйүп 94 миң 413кө жогорулады.

Ливияда дагы 14 киши вирусту жуктуруп жалпы 727ге жетти.

Африка континентинде пандемиядан улам каза болгондордун саны 9 миң 519 адамга, ал эми жуккан адамдардын саны 385 миң 219га жетти.



Тектеш кабарлар