Батыш өлкөлөрүндө коронавирус менен күрөшүү...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 504 миң 975тен ашты.

1445513
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус менен күрөшүү...
super covid19 abd
super covid19
super covid19 8.jpg
super covid19 4.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 504 миң 975тен, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 273ден ашты. Ал эми 5 миллион 574 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Илдетен 128 миң 438 адам көз жумган АКШда саламаттык сактоо министри Алекс Азар акыркы күндөрү коронавирустун жаңы учурларынын саны кайрадан көбөйүп жаткандыгын айтты. АКШда инфекцияны жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 637миң 180ге жетти. Бир тараптан эл эпидемиянын себебеинен экономикалык кыйынчылыктарга туш болуп жатканда бай адамдардын байлыгын дагы көбөйтүп жатканы белгиленди. Өлкөдө расмий маалыматтарга караганда пандемиянын башынан бери 45 миллион киши жумушсуздук кайрылуусун жасады. Вашингтондогу Саясат Эмгектери институтунун Форбеске таянып берген көрсөткүчтөрүндө 18-март-17-июн күндөрүнүн аралыгында 614 миллиардер 584 миллиард доллар киреше тапты.

Түштүк Америка өлкөсү Бразилияда вирустан ушул күнгө чейин 57 миң 658 киши каза тапты.

Англияда пандемиядан көз жумгандардын саны 43 миң 550 болду. Өлкөдө 311 миң 151 кишиде вирус аныкталды.

Италияда акыркы суткада пандемиянын кесепетинен 22 адам каза болуп жалпы 34 миң 738 болду. Өлкөдөгү бейтаптардын саны 155ге азайып,16 миң 818ге кыскарды. Акыркы 24 саатта 174 жаңы учур катталды.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 13 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 343 жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 118ге көбөйүп жалпы 248 миң 770ке жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 3 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 564кө, илдетке чалдыккандардын саны 457 жаңы учур менен бирге 41 миң 646га жетти.

104 адамдын өмүрүн алган Австралияда эпидемиянын жайылышын болтурбоого тыюу салууну жана чектөөлөрдү жеңилдетүү аракеттери улантылууда, ал эми акыркы күнү Виктория штатында 75 адам жана жалпы өлкөдө  85 адам илдетке чалдыкты. Виктория штатынын премьер-министри Дэниэл Эндрюс, чет өлкөдөн кайтып келгендердин дээрлик 30 пайызы карантиндик мейманканаларда Ковид-19 сынагын өткөрүүдөн баш тартышкандыктан 14 күндүк карантин мөөнөтү дагы 10 күнгө узартылат деп билдирди.

Германияда 9 миң 29 адам каза болуп, жуктурган учурлардын саны 194 миң 900гө чейин көбөйгөн. Өлкөнүн Түндүк Рейн-Вестфалия (KRV) штатындагы Neurade шаарында Ковид-19га каршы күрөшүү алкагында Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы жана Европадагы Трабзон Көпүрөбашылыктар коому тарабынан 60 жаштан ашкан 200 гигиеналык пакеттер ​​ таратылды.



Тектеш кабарлар