Индия Кытай чек арасына ракеталык коргонуу системасын орнотту

"Таймс оф Индия" гезитиндеги кабарга ылайык, жооптуу кызматкерлер Индия армиясынын коргонуу тутумдарын Кытайдын согуштук учактары жана тик учактары себеп боло турган көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайгаштырылганын белгилешти.

1444694
Индия Кытай чек арасына ракеталык коргонуу системасын орнотту

Индия Кытай менен чек ара чатагынан кийин Гималай тоолорундагы Ладахка кургактыктан абага атуучу ракетадан коргонуу системасын орнотту.

"Таймс оф Индия" гезитиндеги кабарга ылайык, жооптуу кызматкерлер Индия армиясынын коргонуу тутумдарын Кытайдын согуштук учактары жана тик учактары себеп боло турган көйгөйдүн алдын алуу үчүн жайгаштырылганын белгилешти.

Индия бул кадамды Кытайдын эки мамлекеттин ортосундагы Иш жүзүндө башкаруу линиясын (ЛАК) бойлой согуштук учактары менен тик учактарын көбөйткөндөн кийин болду.

15-июнда Индиянын түндүк-чыгышындагы Ладах районунда 20 жоокердин өлүмүнө алып келген кагылышууну жараткан жана кагылышууга алып келген процесс май айында үч багыттан Ладах аймагына кытай аскерлеринин кирүүсү, ал жерде чатырлар жана аскердик заставаларды орнотуусу менен башталган.

Кытай менен Индиянын ортосундагы 3500 чакырымдык чек ара тилкесинин көпчүлүгү эки мамлекеттин ортосунда эгемендик боюнча талаш-тартыштарды жаратууда.

Бээжиндин администрациясы Индиянын Аруначал-Прадеш аймагындагы "90 миң чарчы чакырым" аянтты "Түштүк Тибет" деп атаса,  Жаңы Дели башкаруучулугу Аксай Чин платосун камтыган 38 миң чарчы чакырым аянтты Кытай басып алганын жактап келет.



Тектеш кабарлар