Европа Биримдиги Covid-19дан жабыркаган коомчулуктарга 4,9 миллиард евролук жардам берет

Европа Биримдиги Комиссиясынын Төрайымы Урсула фон дер Ляйен видео конференция аркылуу уюштурулган "Глобалдык максат" Ковид-19 милдеттенме иш-чарасында сөз сүйлөдү.

1444660
Европа Биримдиги Covid-19дан жабыркаган коомчулуктарга 4,9 миллиард евролук жардам берет

Европа Биримдиги (ЕБ) коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) жабыркаган өлкөлөргө 4,9 миллиард евро жардам убада кылды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын Төрайымы Урсула фон дер Ляйен видео конференция аркылуу уюштурулган "Глобалдык максат" Ковид-19 милдеттенме иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Эпидемиянын  бүткүл дүйнө жүзү боюнча аякташы керек экендигин түшүндүргөн Вон дер Ляйен, адамдардын жашаган жерине жана кайда экендигине карабастан, тесттен, дарылоодон жана эмдөөдөн өтүшү керектигин айтты.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдары Ковид-19дан улам кызматташуусу керектигин баса белгилеген Вон дер Ляйен, бул процессте өлкөлөр, ишкерлер жана филантроптор каржылык салым кошушу керектигин белгиледи.

Вон дер Ляйен муктаж болгон коомчулуктарга жардам берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, ЕБ институттары эпидемиядан жабыркаган өлкөлөргө тест, дарылоо жана эмдөө үчүн 4,9 миллиард евро жардам берүүгө милдеттенгенин айтты.

Америкалык актёр жана балбан Двейн Жонсон жана Шакира, Жастин Бибер жана Майли Сайрус сыяктуу ырчылар Ковид-19 милдеттенмесине кошулушту.



Тектеш кабарлар