Ондогон аракандыктын деңизде каза болгону айтылууда

Кокс Базардагы качкындар лагеринен качып деңиз жолу аркылуу Малайзияга барууга аракет кылган аракандыктардан ондогон кишинин деңиз жолунда каза болгондугу билдирилди.

1443179
Ондогон аракандыктын деңизде каза болгону айтылууда

Мьянма жана Бангладештин түштүгүндөгү Кокс Базардагы качкындар лагеринен качып деңиз жолу аркылуу Малайзияга барууга аракет кылган аракандыктардан ондогон кишинин деңиз жолунда каза болгондугу билдирилди.

Малайзиянын деңизди коргоо бөлүгүнүн директору Мохд Хубил Мат Сом 9 -  июнда Лангкави аралына өткөн жана ичинде 269 аракандык болгон кемеде сапардын башында эң аз 300 кишинин болгону белгиленди. Ондогон кишинин жолдо каза болгонуна байланыштуу маалымат алышкандарын айткан Мохд Зубил : «Кээ бир качкындар жолдо каза болду, кээ бирлери да деңизге ыргытылды»,- деди.

Мохд Зубил канча качкындын каза болгондугуна байланыштуу колдорунда так сандын жок экенин баса белгиледи. Малайзияда 9 -  июнда Лангкави аралына деңиз жолу аркылуу кирген 269 аракандык качкынды камоого алган. Андан кийин Малайзия өкмөтү аракандык качкындардын деңиз жолу аркылуу Малайзияга киришине тоскоол болуу үчүн Бангладешке чакыруу салган.



Тектеш кабарлар