Индияда вирустан каза болгондор көбөйүүдө

Ковид - 19 чыгыш өлкөлөрүндө таасиин жогото элек.

1442982
Индияда вирустан каза болгондор көбөйүүдө

 Коронавирус Ковид  - 19дан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны  485 707 болду. Вирус жуккандардын саны  9 миллион 566 000, айыккандар 5 миллион 207 000ге жетти.

Эпидемия ортого чыккан Кытайда акыркы бир күндө  19 жаңы учур катталды. Алардын ичинен  13ч. Пекинден чыккан. Ушул күнгө чейин белгиленген вирус жуккан киши саны 83 449 болду. Ал эми өлүм  - житим болгон эмес.

Түштүк Кореяда да 28 кишиде вирус аныкталып, бейтап саны 12 563кө жогорулады.  

Индияда акыркы мезгилде 24 саатта 418 кишинин дагы каза болушу менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 14 894кө, вирус жугузгандардын саны  да 16 922ге көбөйүп, 473 105ке чыкты.

Россияда каза болгондордун. саны 92 кишиге көбөйүп 8 605ке, вирус жуккандардын  саны да 613 994кө жогорулады. 

Иранда Ковид  - 19данк аза болгондордун саны 10 130га, вирус жугузгандардын саны 215096га жетти. 

Украинанын саламаттык  сактоо министри Максим Степанов акыркы 24 саатта 994 кишиде вирустун аныкталганын жана жалпы бейтап саны 40 08ге жогорулаганын билдирди. 

Арменияда каза болгондор 397ге жогорулады. акыркы 24 саатта 771 кишиде Ковид  - 19 аныкталып, жалпы бейтап саны 22 488ге чыкты. 

Казакстанда 136 киши каза болуп, саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда 24 саатта вирус жуккан киши саны 19 258ге чыкты. 

Кыргызстанда каза болгондордун саны 43кө жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда 24 саатта вирус жугузган киши саны 228ге көбөйүп, жалпы саны 3954кө жогорулады. Президент  Сооронбай Жээнбековго жасалган коронавирус тестинин негатив чыкканы билдирилди. 

Өзбекстанда саламаттык сактоо министрлигинин билдиргенине караганда  кечээ кечтен тарта бейтап саны 14кө көбөйүп, 6 990 го жетти.19 киши вирустан каза тапты. 

Грузияда 14 киши каза болду. Акыркы 24 саатта 3 кишиде вирус аныкталып бейтап саны 920га жогорулады. 

Жалпы Африка материгинде вирустан 8 889 киши каза болуп, вирус жугузгандардын 338 766га жогорулады. Египетте Ковид – 19дан 2 450  киши каза болду. Түштүк Африкада 2 205, Алжирде 869, Суданда 548, Нигерияда 542 жана Камерунда 313 киши өмүрүнөн ажырады.

 Вирус жуккан киши саны эң көп болгон өлкөлөр Түштүк Африка (111 796), Египет (59 561), Нигерия (22020), Гана (15013), Камерун (12 592, Алжир (12248) жана Марокко (10097).

Судан Ковид  - 19 менен күрөшүү үчүн Европа Биримдиги тарабынан финансылынган долбоордун негизинде Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму менен 11, 5 миллион евролук нарктагы бир келишимге кол койду.

Сенегалдын президенти Маки Салл Ковид  - 19 вирусун жуктурган кишилер менен жакын болгонун билгенден кийин өзүн карантинге алды. Салли Ковид  - 19 тестинин жыйынтыгынын негатив чыкканы бирок этияттык менен 15 күн карантинде болору билдирилди. Депутат Йея Диалло болсо Ковид  - 19 тестинин позитив чыкканын билдирди.



Тектеш кабарлар