СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирустун жайылуусу токтой элек.

1442543
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19 abd
super covid19 5.jpg
super covid19 4.jpg
super covid19 10.jpg
super covid19 7.jpg

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 480 миң 620дан, вирусту жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 394 миңден ашты. Ал эми 5 миллион 79 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда илдеттен каза тапкандардын саны 123 миң 500гө жетти. Өлкөнүн айрым аймактарында коронавирустун жаңы учурларында өсүү болуп жаткандыгы жана коркунучтун дагы деле улангандыгы кабарланды. АКШда 2 миллион 425 миңден ашуун адамда коронавирус аныкталды.

Пандемиядан эң көп таасирленген Бразилияда вирустан 52 миң 771 киши көз жумду. 1 миллион 151 миң 479 кишиде вирус табылды.

Мексикада 24 саатта 793 киши каза болуп жалпы 23 миң 377ге, ооруга чалдыккандардын саны 6 миң 288ге көбөйүп 191 миң 410го жетти.

Италияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 18 кишиге көбөйүп 34 миң 675ке жогорулады. Өлкөдө 218 жаңы учур катталып, бейтаптардын саны 1 миң 64 кишиге азайды.

Францияда пандемиянын айынан акыркы суткада 57 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 720, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 517ге көбөйүп 198 миң 672 болду.  

Пандемиянын Европадагы чордону Улуу Британияда вирустан каза тапкандардын саны 171ге көбөйүп 42 миң 927ге, илдетке чалдыккандардын саны болсо 874кө көбөйүп 306 миң 210го жетти.  

8 миң 986 адам көз жумган Германияда Рёда-Виденбрюк шаарындагы Төнниес эт комбинатында иштеген бир миң 553 кишиге инфекция жугуп, коңшу Варендорф шаарында дагы Ковид-19 учурларынын көбөйүшүнүн себебинен аймакка кайрадан март айындагы чара көрүүлөр киргизилди.

Ковид-19дун себебинен Австралиянын Мельбурн шаарында дагы бир адам каза болуп жалпы 103кө жетти. Вирусту жуктурган 7 миң 492 австралиялыктын 6 миң 915и айыгып чыкты.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Канада 8 миң 454, Перу 8 миң 404, Швеция 5 миң 161, Чили 4 миң 505, Эквадор 4 миң 274 жана Колумбия 2 миң 404.



Тектеш кабарлар