Косованын Хизбуллах тууралуу чечими

Косова өкмөтү Хизбуллахтын саясий жана аскердик канатын өлкө ичинде террордук уюм катары жарыялаган чечимди кабыл алды.

1442162
Косованын Хизбуллах тууралуу чечими

Косова өкмөтү Хизбуллахтын саясий жана аскердик канатын өлкө ичинде террордук уюм катары жарыялаган чечимди кабыл алды.

Өкмөттөн берилген маалыматта чечимдин «улуттук, аймактык жана глобалдык коопсуздуктун сакталышы, мамлекет чектеринин коргоого алынышы жана террордук топтор менен согушкан эл аралык союздаштыктарда активдүү роль ойноо» максатында чыгарылганы билдирилди.

Тышкы иштер жана диаспора министри Мелиза Стублла  -  Харадинай Косова өкмөтүнүн бул уюмдун аскердик жана саясий канатынын бирдикте иштегенин ойлогонун белгилеп, уюмдун максатынын «террордук иш аракеттерин өркүндөтүү» экенин айтты.  

Хизбуллахтын аскердик канаты 2013 -  жылы Европа Биримдиги тарабынан террордук уюмдар тизмесине кирген.



Тектеш кабарлар