Коронавирустан жабыр тарткан Батыш өлкөлөрү

Коронавирус көрсөткүчтөрү

1441932
Коронавирустан жабыр тарткан Батыш өлкөлөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 477 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 294төн ашты. Ал эми 5 миллион 100 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда илдеттен каза тапкандардын саны 123 миң 316га жетти. Өлкөнүн айрым аймактарында коронавирустун жаңы учурларында өсүү болуп жаткандыгы жана коркунучтун дагы деле улангандыгы кабарланды. АКШда 2 миллион 414 миңден ашуун адамда коронавирус аныкталды.

Италияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны акыркы бир күндө 18 кишиге көбөйүп 34 миң 675ке жогорулады. Өлкөдө 218 жаңы учур катталып, бейтаптардын саны 1 миң 64 кишиге азайды.

Францияда пандемиянын айынан акыркы суткада 57 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 720, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 517ге көбөйүп 198 миң 672 болду.  

Пандемиянын Европадагы чордону Улуу Британияда вирустан каза тапкандардын саны 171ге көбөйүп 42 миң 927ге, илдетке чалдыккандардын саны болсо 874кө көбөйүп 306 миң 210го жетти.  Премьер-министр Борис Жонсон, 4-июлдан тарта ресторандар, барлар, чач тарачтар, кинотеатрлар, сыйынуучу жайлар, музейлер, китепканалар жана галереялардын кайрадан ачылаарын жарыялады.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 14 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 325ке жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта жуктуруп алгандардын саны 108ге көбөйүп жалпы 246 миң 752ге жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 6 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 540ка, илдетке чалдыккандардын саны 345 жаңы учур менен бирге 39 миң 737ге жетти.



Тектеш кабарлар