Гутерреш эпидемияда эл аралык координация кемчилигин сынга алды

БУУнун  башкы катчысы Антонио Гутерреш жаңы тип коронавирус менен күрөштө эл аралык координациянын кемчилигин сынга алды.

1442264
Гутерреш  эпидемияда эл аралык координация кемчилигин сынга алды

 БУУнун  башкы катчысы Антонио Гутерреш жаңы тип коронавирус менен күрөштө эл аралык координациянын кемчилигин сынга алды.

Гутерреш      Associated Press агенттигине берген маегинде Ковид  - 19 менен күрөшүүдө глобалдык координациянын ачкыч мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Өлкөлөрдүн бул күрөштө жалгыз кыймыл кылуу менен «текшерүүдөн чыккан бир абалды жаратканын» түшүнүшү керектигин айткан Гутерреш : «Албетте азыркы учурда эл аралык координациянын кемчилигинен улам   көңүлүм чөктү. Келечектеги муундар иштерди өзгөртөт деп ойлойм»,- деди.

БУУнун башкы катчысы дарылоо, тест механизмдери жана вакцина тууралуу бирдикте иштөө менен эпидемияны жеңүүгө болорун, жумуш жоготуу, күч алган зомбулук, адам укуктарынын бузулушу жана саясий, экономикалык, социалдык маселелердин координациясынын да эпидемиянын таасирин азайтууга жардамчы болорун белгиледи.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар