Трамп менен Макрон сүйлөшүү өткөрдү

Эки лидер телефондо сүйлөштү.

1441167
Трамп менен Макрон сүйлөшүү өткөрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Ливияда ок атышуунун тез арада токтотулушу керектигин баса белгилешти.

Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Жудд Дир, АКШнын президенти Трамп менен Франциянын президенти Макрондун телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө "негизги эки тараптуу жана аймактык маселелердин талкуулангандыгын" маалымдаган Дир: «Эки лидер Ливияда ок атышуулар дароо токтотулуп, тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр тез арада жүргүзүлүшү керектигин баса белгилешти»,- деди.

Ошондой эле: «Президент Трамп менен президент Макрон, Ливиядагы чыр-чатактын ого бетер кооптуу болуп кетишине жол бербөө үчүн бардык тараптагы аскердик чыңалуунун тез арада токтотулушу керектигин баса белгилешти»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар