ДСУ: "Күнүмдүк Ковид-19 жуктурган учур рекордго жетти"

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс Женевада, Швейцариядагы уюмдун штаб-квартирасында видео конференция аркылуу маалымат жыйын өткөрдү.

1441399
ДСУ: "Күнүмдүк Ковид-19 жуктурган учур рекордго жетти"

Дүйнөлүк саламатык сактоо уюму дүйнөдө кечээ рекорддук жуктурган учур катталып 183 миңден ашуун кишиде Ковид-19 аныкталганын жана вирустун дагы деле өмүрлөрдү алып жаткандыгын жарыялады.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс Женевада, Швейцариядагы уюмдун штаб-квартирасында видео конференция аркылуу маалымат жыйын өткөрдү. Гебрейюс: «Биз дээрлик күн сайын жаңы жана коркунучтуу рекордго жетишебиз»,- деди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмуна кечээ дүйнө жүзүндө 183 миңден ашык Ковид-19 учуру билдирилгенин түшүндүрүп жатып, Гебрейюс бул бир күндүн ичинде эң көп катталган учур экендигин белгиледи.

Гебрейюс Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмуна 8,8 миллиондон ашуун жуктурган учур жана 465 миңден ашык Ковид-19дан каза болгондордун саны жөнүндө маалымат түшкөнүн айтып, «Айрым өлкөлөрдө өлүм жана өлүм учурларынын саны тез өсүп жатат»,- деп токтолду.

Гебрейюс ар кандай өлкөлөр вирусту көзөмөлгө алгандан кийин тыюу салууну ийгиликтүү алып ташташканын жана экономикалар кайрадан жанданып жаткандыгын эске салды, бирок бул өлкөлөрдө жуктурган учурлардын саны кайра көбөйүп жатканын эскертти.



Тектеш кабарлар