Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Индияда ушул кезге чейин эпидемиядан каза болгондордун саны 14015ке жетти.

1441439
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

 Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны  474 960тан ашып, вирус жуккан киши саны 9 миллион  216 000ге жетти. Айыккандардын саны 4  миллион 961 000ге чыкты.

Кытайда 22 учур катталды. Алардын ичинен 13 киши борбор шаар Пекинден чыккан. 11 -  июндан тарта вирус аныкталган киши саны 249га жогорулады. Өлкөдө ушул күнгө чейин белгиленген жалпы Ковид  - 19 вирусун жугузган киши саны 83 418 болду. 

Түштүк Кореяда болсо 46 жаңы учур катталды. Булардан 16сы Бусан шаарындагы портко келген Россия байрагы илинген кемедеги экипаждан чыкты. Өлкөдө ушул кезге чейин вирустан 281 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 12 484кө жогорулады. 

Россияда вирустан каза болгондордун саны 8 359га жетип, акыркы 24 сааттын ичинде  7 425 кишиде вирустун аныкталышы менен жалпы вирус жуккан киши саны 599 705ке жогорулады. Өлкөнүн чоң бөлгүндө  көрүлгөн чаралар баскыч түрүндө жеңилдетилүүдө. Борбор шаар Москвада андан мурда терасса жана верандаларда башталган тейлөө бүгүндөн тарта толугу менен ачылды. 

Сауд Арабия Ковид  - 19дан улам бул жылы ажылык сапарын бир гана өлкөдө жашагандар менен гана чектей тургандыгын, өлкө тышынан ажыларды кабыл албай турганын жарыялады. Өлкөдө ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 1267 киши каза болуп, 157 612 киши вирус жугузган.

Акыркы 21 саатта 7 кишинин дагы каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 525ке жеткен Нигерияда вирус  жуккандардын саны да 675ке көбөйүп жалпы сан 20 919га жогорулады.

Индияда  14015 киши каза болуп, акыркы 24 саатта 14 933 жаңы учур катталды. Ушундайча өлкөдө жалпы бейтап саны 440 685ке жогорулады.  Индия дүйнөдө эң көп бейтап болгон төртүнчү өлкө. 

Иранда Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 24 сааттын ичинде 121ге көбөйүп 9 863кө жогорулады. Өлкөдө 2 445 жаңы бейтап аныкталып, жалпы бейтап саны 209 970ке чыкты. 

 

 



Тектеш кабарлар