Ливия Египеттин президенти Сисинин билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Ливия армиясына караштуу Сирте жана Жуфра Бирдиктүү операция штабынын өкүлү, генерал Абдулхади Дырах, жазуу түрүндөгү жарыясында Сисинин билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

1440191
Ливия Египеттин президенти Сисинин билдирүүсүнө каршылык көрсөттү

Ливия армиясы, Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сисинин «(Ливиянын шаарлары) Сирте жана Жуфра кызыл чийинибиз болуп саналат» деген билдирүүсүнүн, Ливиянын ички иштерине ачык эле кийлигишүү жана согуш жарыясы болгонун билдирди.

Ливия армиясына караштуу Сирте жана Жуфра Бирдиктүү операция штабынын өкүлү, генерал Абдулхади Дырах, жазуу түрүндөгү жарыясында Сисинин билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү.

Дырах: «Сисинин, өзү айтканындай Сирте жана Жуфранын кызыл чийини экенин айткан билдирүүлөрү, өлкөбүздүн ички иштерине ачык кийлигишүү болуп саналат. Муну Ливияга ачык эле согуш жарыясы деп эсептейбиз»,-деп айтты.

Катчы Дырах: «Баатыр күчтөрүбүз чыккан жолун бүткөрүүгө жана калган бардык аймактарды террорист Кераме (козголоңчу Халифе Хафтердин аскердик операциясына койгон аты) согушкерлеринен, жалданма аскерлерден жана колдоочуларынан куткарууга чечкиндүү»,-деди.

Ливия мамлекеттик жогорку кеңешинин мүчөсү Абдуррахман Шатыр да, Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сисинин армиясына сапары убагындагы билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

Шатыр, Твиттер барагынан жарыялоосунда Сисинин Ливиянын коопсуздугу темасында сезимтал экендигин айтканын белгилеп, «Египет 4 жыл бою өлкөбүзгө кийлигишип келди»,-деп жазды.

Сисинин билдирүүлөрүн «согуш добулбастарын уруу» деп мүнөздөгөн Шатыр, Сисиге жана Ливияга кол салгысы келгендерге , «Колуңарды бизден тарткыла, Йемендеги трагедияны кайталабагыла»,деп эскертти.

Бир тараптан Триполидеги парламенттин социалдык медиа барагынан берилген маалыматта, парламенттин мүчөлөрү өкмөттөн Сисинин коркутууларына жооп кайтырылышын талап кылды.

Сисинин билдирүүлөрүн «кол салуу» катары мүнөздөгөн парламент мүчөлөрү, өкмөттүн буга ылайыктуу убакта жана ылайыктуу түрдө жооп беришин талап кылды.

Сиси кечээ Египеттин батыш жагында Египет аба күчтөрүнүн бөлүктөрүнө сапар жасап, андагы кайрылуусунда, «Египет армиясынын керек болгон убакта өлкө чек араларынын тышында аскердик милдетти аткара ала турганын» билдирген болчу.

«Ливиянын жээк шаары Сирте жана түштүктөгү аскердик базага эгедер Жуфра шаарлары кызыл чийинибиз болуп саналат. Ливияны ливиялыктардан башкасы коргобойт. Жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,-деп айткан Сиси: «Чек араларыбыздын ичинде же керек болсо чек араларыбыздын тышында кандайдыр бир милдетти орундатуу үчүн даяр болгула»,деген.

 

 



Тектеш кабарлар