Чыгышта кээ бир өлкөлөрдө коронавиурс дагы деле күчүндө

Казакстанда вице  - премьер  - министр Эралы Тугжанов Ковид  - 19дун асимптоматикалык формасын жуктурганын билдирди.

1439377
Чыгышта кээ бир өлкөлөрдө коронавиурс дагы деле күчүндө

 Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 456 960тан ашты. Вирус жуккан киши саны 8 миллион 609 541ден, айыккандардын саны 4 миллион 559 343төн жогорулады.

Кытайда акыркы 24 саатта 32 жаңы учур катталды. Өлкөдө ушул күнгө чейин вирустан 4 634  киши каза болуп, 83 325 киши  вирус жугузган. Борбор шаар Пекинде эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу максатында билим берүү убактылуу токтотулуп, өткөрүлүшү пландалган спорт жана көркөм өнөр иш чаралары убактылуу токтотулду. Кытайлык эпидемиолог Ву Зунёу  Пекинде Ковид  - 19 эпидемиясынын текшерүү астында экенин айтып, бейтаптардын бир канча күндүн ичинде азайышы күтүлүп жатканын белгиледи.

Түштүк Кореяда акыркы 24 саатта 49 жаңы бейтап катталды. Алардын көпчүлүгү борбор шаар Сеулда . Өлкөдө вирустан ушул кезге чейин 280 киши каза болду. Вирус жуккандардын саны 12 306га чыкты.

Россияда 24 саатта каза болгорндордун саны 181ге көбөйүп, 7 841ге жетти, бейтап саны да 569 63кө жогорулады.

Азербайжанда вирустан 139 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 11 329га жеткени билдирилди.

Белорусияда болсо вирустан каза болгондордун саны 331ге жогорулады жана 625 кишиде дагы вирустун аныкталышы менен жалпы бейтап саны 56 657ге чыкты.

Молдовада 24 саатта 11 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 444кө, вирус  жуккан киши саны 13 106га жогорулады.

Тажикстанда 24 сааттын ичинде вирус жуккан киши саны 58ге көбөйүп,  5 279га жетти. Тажикстан коронвирусту алдына алуу кеңешинин чыгарган чечими менен Ковид – 19га каршы көрүлгөн чаралардын жумшартылышынын негизинде той жана башка марекелердин 20 -  июндан тарта 100 кишиден ашпай тургандай, медициналык эрежелерге баш ийүү шарты менен өткөрүлүшүнө уруксат берилди.

Казакстанда каза болгондордун саны 100гө жетип,  вирус жугузган киши саны да 15 877ге чыкты. Вице  - премьер  Эралы Тугжанов соцтармактан берген маалыматта Ковид  - 19дун асимптоматикалык формасын жугузуп алганын, өзүн изоляциялаганын белгиледи. Бир тараптан Ковид  - 19 тууралуу мекемелер аралык комиссия  абалдын начарлашы менен 20 – 21 -  июнда борбор шаар Нур Султан менен Алматы, Караганда, Чымкент, Павлодар жана Экибастуз шаарларында соода борболорун, тамак  - аш тышындагы бардык дүкөндөрдүн ишин токтотуу чечимин чыгарды.

Чечим боюнча бул күндөрдө парк, пляж жана спорттук борборлор жабылат, коомдук унаалар токтотулат жана 65 жаштан жогору болгон жарандардын тышка чыгышына тыюу салынат.

Өзбекстанда вирустан 19 киши каза болду. 24 сааттын ичинде вирус жуккан 33 киши менен жалпы бейтап саны 5 730га жогорулады. Вирус аныкталган кишилердин экөөсүнүн Министрлер Кеңешинин кызматкери экени жана ушул себептен Министрлер Кеңеши имаратынын убактылуу карантинге алынганы билдирилди.

1139 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 145 991ге жеткен  Сауд Арабияда Мекке шаарында Ковид  - 19га карата көрүлгөн чаралардын негизинде 3 ай мурда жабылган мечиттерди жекшемби күнү ачуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Индияда 24 саатта 336 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 12 605, вирус жугузгандардын жалпы саны 381 485ке жетти.

3 229 киши каза болгон Пакистанда вирус жугузгандардын саны 165 миң 62 болду.

Иранда 9 3952 киши каза болуп, 200 262 киши вирус жугузду. Президент Хасан Рухани бейтап санынын көбөйүшүндө негизги фактор болгон жыйындарга тоскоол болуу жана бет кап колдонууга көңүл бурулушу керектигин талап кылды.

Нигерияда 475 киши каза болду. Коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде 21 -  июнда баштала турган ички каттамдардын башталышы кечеңдетилди.

Жалпы Африка материгинде каза болгондордун саны 7 450 болуп, вирус жуккан киши саны 278 000ден ашты.



Тектеш кабарлар